Аскер уулу Нурлан атындагы жалпы билим беруу орто мектеби Орто – Суу орто мектебинин тарыхы. Орто – Суу орто мектеби 1977 жылдын ноябрь айында курулуп бүткɵн. Мектеп 350 окуучуларга ылайыкталып салынган. 1977 – жылдын экинчи чейрегинде жаңы мектепте окуу башталган. .Ошол мезгилде мектептин директору Зоя Осмонова болгон. Окуу бир сменде окутулган. Мектеп эки кабаттуу .Мектептин жамааттары үзүрлүү эмгектенишкен. Полтавка айылдык кеңешинин сессиясында 1996 – жылдын 14 – ноябрында № 10 протоколдун негизинде Орто – Суу аймагынын жашоочуларынын жана педагогикалык жамаатынын чечиминин негизинде жана суроо – талап боюнча мектепке «Аскер уулу Нурландын » ысмын киргизүү боюнча чечим чыгарылды. Протоколдун чечими : 1.1996 жылдын 14 – ноябрында Орто – Суу орто мектеби «Аскер уулу Нурлан» деп аталсын Мектептин толук шарты бар. Бɵлмɵлɵр чоң жана жарык. Азыркы учурда 18 мугалим эмгектенет жана мектепте 198 окуучу окуйт.

Биринчи сентябрь - Билим күнү!
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Урматтуу муглимдер, майрамыңыздар менен! Окуучуларыны куттуктоосу!

Новости

22-февралда 9-10-11-класстар арасында 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо күнүнө” карата сынак болду. https://youtu.be/hIQ3nmgSlhc
https://youtu.be/8nktqB7Kyqs
"Келечек” студиясынын “Акыл таймаш” интеллектуалдык радио оюну Бүгүнкү таймашка Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылындагы Аскер уулу Нурлан атындагы жалпы билим берүү орто мектебинен “Мурас” командасы жана Жекен жалпы билим берүү орто мектебинен "Билим десанттары" командасы катышат. Оюндун жүрүшүнө көз салып, калыс болушат: Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын…

Мы в цифрах

45
ЖЫЛ
196
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
11
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
5574
КИТЕПТЕРДИН САНЫ