Аскер уулу Нурлан атындагы жалпы билим беруу орто мектеби Орто – Суу орто мектебинин тарыхы. Орто – Суу орто мектеби 1977 жылдын ноябрь айында курулуп бүткɵн. Мектеп 350 окуучуларга ылайыкталып салынган. 1977 – жылдын экинчи чейрегинде жаңы мектепте окуу башталган. .Ошол мезгилде мектептин директору Зоя Осмонова болгон. Окуу бир сменде окутулган. Мектеп эки кабаттуу .Мектептин жамааттары үзүрлүү эмгектенишкен. Полтавка айылдык кеңешинин сессиясында 1996 – жылдын 14 – ноябрында № 10 протоколдун негизинде Орто – Суу аймагынын жашоочуларынын жана педагогикалык жамаатынын чечиминин негизинде жана суроо – талап боюнча мектепке «Аскер уулу Нурландын » ысмын киргизүү боюнча чечим чыгарылды. Протоколдун чечими : 1.1996 жылдын 14 – ноябрында Орто – Суу орто мектеби «Аскер уулу Нурлан» деп аталсын Мектептин толук шарты бар. Бɵлмɵлɵр чоң жана жарык. Азыркы учурда 18 мугалим эмгектенет жана мектепте 198 окуучу окуйт.