Аскер уулу Нурлан атындагы жалпы билим беруу орто мектеби Орто – Суу орто мектебинин тарыхы. Орто – Суу орто мектеби 1977 жылдын ноябрь айында курулуп бүткɵн. Мектеп 350 окуучуларга ылайыкталып салынган. 1977 – жылдын экинчи чейрегинде жаңы мектепте окуу башталган. .Ошол мезгилде мектептин директору Зоя Осмонова болгон. Окуу бир сменде окутулган. Мектеп эки кабаттуу .Мектептин жамааттары үзүрлүү эмгектенишкен. Полтавка айылдык кеңешинин сессиясында 1996 – жылдын 14 – ноябрында № 10 протоколдун негизинде Орто – Суу аймагынын жашоочуларынын жана педагогикалык жамаатынын чечиминин негизинде жана суроо – талап боюнча мектепке «Аскер уулу Нурландын » ысмын киргизүү боюнча чечим чыгарылды. Протоколдун чечими : 1.1996 жылдын 14 – ноябрында Орто – Суу орто мектеби «Аскер уулу Нурлан» деп аталсын Мектептин толук шарты бар. Бɵлмɵлɵр чоң жана жарык. Азыркы учурда 18 мугалим эмгектенет жана мектепте 198 окуучу окуйт.

Мониторинг

Аскер уулу Нурлан атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 1-чейрек боюнча предметтердин мониторинги

предмет боюнча мониторинг 1-чейрек 2022-2023-окуу жылы

Класстар боюнча мониторинг 1-чейрек 2022-2023-окуу жылы